www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы депутат, андагы экс-өкмөт башчы Игорь Чудинов ушу тапта кыргызга эмне кызмат кылып берип жатат деген мыйзам ченемдүү собол туулат.

Аныгында Чудиновго окшогондор кыргыздын ырыскысына колун матыргандан башка ырыстуу иш кылышпаган. Айталы, Чудиновдун айланасындагы чырлар арбындыгынан бирөөнү гана мисал тарттык.

Эсиңердеби, «Кыргызгаздын» мурунку башкы инженери Керимбек Сарбашев «БЭК» аттуу ортомчу фирма «Кыргызгаздан» алган газды өлкөдөгү ири ишканаларга сатып, ортодон 25 миллион доллар пайда көргөн деп айыпталган эле.

Ал эми так ошол Сарбашевдин билдирүүсүнө караганда, «БЭК» фирмасына ошол кездеги өкмөт башчы Чудиновдун тиешеси бар экендиги айтылган. Мурунку премьер-министир өз кезегинде мындай айыптоолорду четке кагып, суудан кургак чыккан. Мындай ортомчулуктарын санай берсе оголе көп.

Бирок, Кыргызстандын айлыгын алып, мандатын тагынып алуу менен эле кылмыш жоопкерчилигинен четтеп кетүү өзү туурабы? Тиешелүү тармактар бул мырза боюнча неге унчукпай олтурушат? Же алкымдарын майлап коюп атабы, Игорь мырза…

Булак: "Де-Факто"

Последние новости