www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркиндик, демократия дегендин бир кемчилиги – билими, адамгерчилиги тайкы болсо да, муштуму чоң жана уят-сыйытты экинчи планга коюп койгондордун күнүн туудуруп салат экен. Албетте, бардыгы эле эмес, бирок акылына, билимине караганда байлыгына жана муштумуна көбүрөөк таянган саясатчыларыбыз да, чиновниктерибиз да көбөйүп кеткенсиди. Ошолордун бири – учурда айыл чарба министрлигин башкарып турган Нурбек Мурашев.

Биздин каарман эмгек жолун Кочкор-Ата шаардык базарына даярдоочу (заготовитель) болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин жеке компанияларда башкы адис, аудитор, бөлүм башчы, жетекчи кызматтарын ээлеген. Ошентип жүрүп эле 2010-жылдан кийин саясатка баш багып, адегенде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун администрация башчысынын милдетин аткаруучу болуп азыраак убакыт иштеп, кайра эле ошол жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына “Республика” партиясы аркылуу келген. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Бир Бол” аркылуу парламентке келип, көп өтпөй айыл чарба министрлигине дайындалган.

Эми Мурашевдин жасаган ишине карганда муштумун “иштетүү” менен көбүрөөк таанымал болгону тууралуу кеп салалы. Эске сала кетсек, 2014-жылдын 26-февралында Башкы прокуратура №3 Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевдин жазган арызы боюнча ал убактагы ЖК депутаты Нурбек Мурашевге жана анын тууганы Мамбеталиевге “бейбаштык” беренеси боюнча  кылмыш ишин козгогон. Себеби 10-февраль күнү (2014-жылы) ошол эле бөлүмгө 1986-жылы жарык дүйнөгө келген Арстанбек кызы Алтынай “церебральный арахноидит обусловленной микст инфекций” диагнозу менен жаткырылган. Дарылануу курсунун процессинде анын саламаттыгы начарлап, 12-февралда реанимациялык бөлүмгө которулат. Ошондо “неге жакшы карабайсыңар” деген кине менен жогоруда аты аталган экөө бөлүм башчыны ур-токмокко алышкан.

Нурбек мырзанын чоң муштумдугун далилдеген дагы бир факты бар. Ал 2015-жылы “Бир Бол” партиясынын атынан депутаттыкка талапкер болуп жүргөн кезде Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Кабылжан Кимсанбаенвди сабап салган. Анын мурда “Республика” партиясынын депутаты болгонунан улам, бул чоң муштумдугу ошол убакта парламенттик жарышка аттанып аткан “Республика-Ата Журт” партиясынынын кадыр-баркына көлөкө түшүргөн. Ошондон улам “Республика-Ата Журт” партиясы Нурбек Мурашевдин “Республика” партиясынын катарынан 2014-жылдын 8-майында чыгарылгандыгын тастыктап, билдирүү менен чыгышкан.

Мына ушундай таржымалы бар Мурашев бүгүнкү күндө бакыйган министрликти жетектеп туру. Бизге жеткен маалыматтарга карганда, ал бул кызматында да жөн отурбай, кол алдында айрым кызматкерлерине кол көтөрүп жиберет экен. Өлкөбүздүн айыл чарбасын оңдоонун ордуна муштумун көтөрүп эле чуркап жүргөн Мурашевди тыйып коер жан бар болду бекен?

Булак: "Де-Факто"

Последние новости