www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда эң көп жек көрүндү болуп, же элден же өкмөттөн жакшы сөз укпаган Салык кызматы. Кээде карап отуруп кадимкидей бооруцң ооруп, болуша кеткиң келет.
Бирок, жакшылап караган бул тармак ичинен боткодой кайнап, коррупция, өң-тааныштык өкүм сүрүп ичинен чирип бараткандай. Айталы, былтыркы жылы Бишкек шаарынын төрт районун салык башкармалыктары жылдык планды аткара албай отуруп берди.
Баса, ушул жерден салык кызмат жетекчилеринин логикасына таң бересиң.
Мисалы, так ошол салык жыйноого туздөн-түз жооптуу болуп, өз милдеттемелерин аткара албагандыгы үчүн былтыркы жылдын жыйынтыгы менен сөгүш алган ЗОдай жетекчилердин айрымдары бүгүн тескерисинче кызматынан көтөрүлүүдө.
Эсеби маселен, былтыркы жылдары Свердлов райондук салык башкармалыгын башчысынын орун басары Рустам Абдырахманов деген салыкчы кечээ жакында райондун салык башкармалыгына начальник болуп дайындалды.
Кыязы, Кекуй жакта «кыршасы» же Акүй жакта «аташкасы» бар окшойт. Болбосо, былтыркы жылы сөгүш алып, быйылкы жылдын алгачкы үч айында салыктын планын чыгара албаган, ага түздөн-түз жооптуу болуп туруп, ишти чала жасаган бул жигиттин кандайча ташы өйдө кулап калды?
Булак: “Ачык саясат плюс”