www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук каналдын директору менен мурдагы президенттин аппарат башчысы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбук интернет баракчасында кайым айтышты.

Илим КАРЫПБЕКОВ: Кыскасы айтайын дегеним, карапайым эл сындап, кемчилигибизди көзгө айтып турса жарашат. Бирок сиз экөөбүздүкү жарашпаарын сопсонун билесиз. Бири бирибиздин кылык жоругубузду жакшы билген соң, жөн эле бир заматта таза боло калып бет тырмоочулук кылып, элге уят болбой эле коелучу агай

Эмилбек КАПТАГАЕВ: Илим,ар кандай сөздөр айтылган, ар кандай иштер жасалган» деп жылаандын башын чыгарымыш болбой эле ачык эле айтчу нерсе болсо айтып, жазчу нерсе болсо жазып койбойсуңбу, убагы келет деп отурбай.

Булардын кайым айтышуусуна ар ким ар кандай ой-пикирлерин билдирди. Бири Каптагаевдики туура эмес, кызматта турганда эмне отурду оозун ачып десе, бири Карыпбековдуку туура эмес коомдук каналды калыс кылсын дешти.

Кыскасы экөөнүн кайым айтышуусунан эч кандай майнап чыккан жок. «Койчунун кызы кой келээрде башын жууйт» болуп, Каптагаев губернаторлуктан түшкөндөн кийин, кызматсыз калганда элдик киши болуп чыга калганына эле күйөсүң да күйөсүң.

Булак: “Ачык саясат плюс”

Последние новости