www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Максим Бакиевдин жакынына таандык мурунку “Ала-Тоо” мейманканасынын имараты жеке компанияга сатылганы маалым болду. Маалыматка ылайык, 2014-жылдын май айында Бишкек башкы архитектура “Ала-Тоо” мейманканасын маданий жана тарыхый эстеликтердин катарынан сызган. Алгач депутаттар нааразы болушуп, Башкы прокуратурадан бул ишти коррупциялык схеманын бар же жогун текшерип берүүсүн талап кылышкан. Арадан эки ай өтпөй бул иш да унутулуп, имаратты алып тынышкан. “Фергана” белгилегендей, Мамкаттоонун аныктамасына ылайык, 2009-жылга чейин Бишкек мэриясынын балансына кирген аталган мейманканага бир канча убакыт Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири ээлик кылган. Андан соң, аны “Гольфстрим Строй” фирмасына 4,2 миллион сомго сатып жиберишкен. Аталган фирма 2007-жылдан бери “Белдинг Констакшн групп” компаниясына таандык. Акыркы ээлери – “Первая строительная компания” ЖАКнын 2016-жылдын майында сыртынан өкүм чыгарылып, 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган Ульян Пак менен Денис Гладышевдер эсептелет.
Курманбек Бакиевдин мүлкү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын башчысы КанатИсаевдин ою боюнча, мейманкананы болуп көрбөгөндөй арзан сатышкан. Келишим жасалма болушу толук ыктымал. Бул туурасында Канат мырза: “Кыймылсыз мүлктү сатып алган компания – “Первая строительная компания” ЖАК. Ал 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Мунун өзү кыймылсыз мүлк мурда эле 100 пайыз конфискацияга чыгарылышы керектигин айгинелейт. Тилекке каршы, шаалакылыктанбы же сүйлөшүлгөнбү айтор, конфискацияланбай калган” – деп билдирди.
Жогорудагы компаниялар мурда Максим Бакиевге таандык болгон. 2010-жылдын июнунда мейманкана комплекси, аны 5 миллион сомго сатып алган Кушбак Жайчиев дегендин менчигине чыгып калган. Ал азыр Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинде башкы инженер болуп иштейт. Жаңылбасак, мурунку жетекчи Каныбек Нарбаевдин тууганы. Анын айтымында, обьекттини бир нече жолу сатыкка коюшкан. Бирок аны эч ким алгысы келген эмес. Ошону менен ал келишим мыйзамдуу болгонун белгиледи. Аталган факт боюнча Башкы прокуратурага жана Мамлекеттик салык кызматы текшерүү ишин жүргүзүшкөн. Бирок мыйзам чегинде чара көрүшкөн эмес. Натыйжада 2012-жылы Кушбак Жайчиев, мейманкананы “Кыргыз мунай” компаниясына 100 миллион сомго сатып жиберген. Бүгүн анын ордуна нефтетрейдер жаңы курулуш салынууда. Учурда мындай коррупция жыттанган схемага Башкы прокуратура реакция кыла элек…
Булак: "Фабула"