www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң операцияда издөөдө жүргөн 92 адам кармалды

Кыргызстандагы мамлекеттер аралык «Издөө» ыкчам алдын алуу операциясынын алкагында бир катар кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Мекеменин маалыматына караганда, КМШнын ички иштер министрликтеринин 2019-жылдан 2023-жылга чейин кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бирдиктүү чаралардын планы бар.

Операциянын максаты — тергөөдөн, соттон жашырынып жүргөн жарандарды кармоо, дайынсыз жоголгондорду аныктоо, өздүгү такталбай калган маркумдарды идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.

Белгилей кетсек, бул жолку операцияга ички иштер органдарынын 3 миңден ашык кызматкери катышкан. Анын алкагында ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн 92 адам кармалды. Алардын арасында оор кылмышка (зордуктоо, каракчылык, талап-тоноо ж.б.) аралашкандар бар.

Ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 62 кылмышкер кармалды. Дайынсыз жоголгон 40 адам кайда жүргөнү, 6 маркумдун өздүгү такталды.

«Республика боюнча мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясынын натыйжасында 189 кылмыштын бети ачылды. Алардын ичинде киши өлтүрүү (1), ден соолукка атайын зыян келтирүү (1), каракчылык (1), зордуктоо (1), тоноо (14) жана башка кылмыштар (171). Ок атуучу курал жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталган 2 факт аныкталды», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости