www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө Телеграмдын иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Downdetector кызматына шилтеме берүү менен daryo.uz билдирди.
Мессенджердин иштөөсү үзгүлтүккө учурагандыгы, айрыкча Россия, Беларуссия жана Украинада байкалган. Ошондой эле, Telegram Өзбекстан, Казакстан, Малайзия жана Европа өлкөлөрүндө иштебей калган.

Колдонуучулардын 76 пайызы колдонмого туташпай кыйналса, 23 пайызы билдирүүлөрдү жөнөтүүдө кыйынчылыктарга туш болушкан.
Бул акыркы төрт күндө мессенджерде байкалган экинчи кечигүү экендиги белгиленди. 21-сентябрда Москва, Санкт-Петербург жана Нижний Новгороддогу колдонуучулар дагы Telegram ишинин үзгүлтүккө учурагандыгын билдиришти.

Telegram Твиттердеги баракчасында көйгөй чечилгенин билдирди. «Чыгыш Европадагы айрым колдонуучуларыбыз акыркы 45 мүнөттө туташуу көйгөйүнө дуушар болушкан. "Азыр баары жакшы, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз" - деди билдирүүсүндө.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости