www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал начарлап баштаганына байланыштуу Дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өтө турган веложүрүш болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады.

Белгилүү болгондой, аталган жүрүш буга чейин жекшембиге, 27-сентябрга, белгиленген болчу.

"Анткен менен донорлор күнү 26-сентябрдан башка күнгө жылдырылбайт. Бирок иш-чарада санитардык коопсуздук жогорку деңгээлде сакталат", — дешти мэриядан.

Ошондой эле, муниципалитет жарандарды ден соолукка кам көрүп, өз алдынча дарыланбоого чакырды.

Белгилей кетсек, акыркы эки сутка ичинде вирустан сакайгандарга караганда жуктургандардын саны көп болууда. Мисалы, бүгүн коронавирустан 142 бейтап айыкса, ооруну жуктуруп алган 175 жаңы учур катталды. Ооругандардын көбү өлкөнүн түштүгүндө болууда. Медиктер арасында дагы вируска кабылгандар мурдагыдан көбүрөөк боло баштады. Бактыга жараша, бир топ күндөн бери бул оорудан көз жумгандар каттала элек.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости