www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-сентябрда белгисиз адам Париждин 11-районунда жайгашкан талаштуу сатиралык жумалык Charlie Hebdo гезитинин редакциясынын жанында төрт адамды бычак менен сайып салды. Бул тууралуу жергиликтүү француз маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөн, жаракат алган эки адамдын абалы оор деп бааланууда. Жергиликтүү полиция окуя болгон жерден шектүү пакет табылганын билдирди. Бийлик тургундарды Франциянын борборунундагы жергиликтүү тургундарды көчөгө чыкпоого чакырды.

Көп өтпөй полиция кол салган адам кармалганын жарыялады. Азырынча анын өздүгү жана окуянын себеби белгисиз. Франциянын сатиралык жумалыгы Charlie Hebdo ушул жылдын 1-сентябрында Мухаммед пайгамбардын (САВ) карикатураларын кайрадан жарыялаган эле. 

Эске сала кетсек, аталган журнал Мухаммед пайгамбардын (САВ) карикатураларын чыгарып, 2015-жылдын январь айында редакцияга кол салуу болгон. Жыйынтыгында 12 адамдын өмүрүн алган террордук акт боюнча сот процесси башталаардын алдында журналдын кезектеги сатирасы чыккан.

Charlie Hebdo журналында ыйык Ислам дининин акыркы пайгамбары Мухаммад (сав) дын карикатурасынын жарыялануусу мусулман өлкөлөрүнүн Францияга каршы нааразычылыгын жаратып, чыңалууну күчөтүп, Түркия жана Иран реакция кылган.  Президент Эммануэль Макрон редакциялык акцияны сөз эркиндигинин көрүнүшү деп билдирген. 

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости