www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы беш жылда Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алдында мүчөлүк акысын биринчилерден төлөгөн мамлекеттердин катарына киргендигин Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда БУУнун алдында Кыргызстандын мүчөлүк карызы жок.

Ал жми өлкөнүн быйылкы жылга карата мүчөлүк акысын жакын арада төлөө Финансы министрлиги менен пландаштырылууда.

"Азыркы учурда ушул жаатта Бириккен Улуттар Уюму менен орчундуу көйгөйлөр жок. Кыргызстан БУУда добуш берүү укугуна ээ жана анын иш-чараларында толук кандуу катышып келет. Акыркы беш жылда Кыргызстан мүчөлүк салымды биринчилерден болуп төккөн мамлекеттердин катарына кирген. Быйыл дүйнөдөгү абалга байланыштуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясы виртуалдык форматта өтүп, ага кыргыз тарап да катышууда", — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган уюмга мүчөлүк акы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген шкалага жараша төлөнөт.

Эске салсак, 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстанды кошкондо жети өлкөнү мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн добуш берүү укугунан ажыраткан болчу. Каржы министрлиги өлкөнүн карызын ошол эле жылдын 31-январында толугу менен төлөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости