www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чубак ажыга сын айткан маданият кызматкерлери четтен чыга баштады. Алардын катарын жакында эле Кайрат Кыргыз, Алмаз Шаадаев менен Назира Айтбекованын диалогу толуктады окшойт.
Буларга жооп катары Чубак ажынын атынан ачылган инстаграм баракчадан кимдир бирөө ажыке үчүн жооп берип эки ооз сөзүн айтты:
Назира Айтбековага "Эрден эрге тийип Искендерди да уят кылып! Ажаңдабай жөн жүрсүн боло? Харамдык эмес адал менен акча тап. Сындаба сынга кабыласың"- десе, Кайрат Кыргызга "Кыргыз улутун уят кылып, шерменде кылгандарга чара колдонуу керек! Динге да туура келбейт! Патриот жигиттер карап койсоңор боло! Шайтан"-деди ага негисиз асылгандарга жооп катары.
Ал эми өз учурунда Чубак ажынын үнүн туурап талкууга жем таштаган ырчы Алмаз Шаадаевге да төмөнкү билдирүүнү калтырган:
-Ыйманы жок акмактар! Журөгүнөргө ыйман берсин. Бизге сын айтпай дин жолуна түшкүлө!
Эске сала кетсек, Алмаз Шаадаев жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып,
"Чубак ажынын сүйлөгөнүн мага чейин көбү эле туурап жүргөн. Атым чыгып калгандыктан талкууга алып жиберишти окшойт. Аймактарды кыдырып концерт берип жүргөндө пародист Самат Аманов экөөбүз жөн гана жакшы маанайда видео жаздырып койгон элек. Анан ырчылардын социалдык тармактагы группасына салып койгом. Оюндан от чыгат болду. Элдин 90 пайызы көңүлдү ооруткан сөздөрдү жазды. Коркутуп "өлтүрүп кетем" дегендер да болду. Динге берилген адамдарды сыйлайм, бирок оозубузга алыбыз жетпейт экен. Кемчилигимди түшүнүп эртеси Чубак ажыга чалсам алган жок. Видео кайрылуу аркылуу кечирим сурап койдум"- деген эле.
Булак: NazarNews.kg