www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азиз Суракматов калаа башчылыгына бараткандагы программасында 800 даана чоң автобус, 400 троллейбус сатып алууну белгилеген. Анын мындай “программасы” коомчулукта сынга кабылып, реформалар тууралуу кеп козголбогону белгиленди. Коомдук ишмер Равшан Жээнбеков талапкердин пландарын мындайча сынга алды:
- Мурдагы мэрлер сатып алган автобустар, троллейбустар кайда? Аларга кеткен каражаттар өзүн актадыбы? Ал автобус, троллейбустар эмнеге талкаланып жок болду? Азыркы пландап аткандар дагы алардын кейпин кийбейби? Тышкы карызды көбөйтпөйбү? Суроолор көп, жооп жок... “Системаны өзгөртөм! Мэрди эгемендүү кылам! Каражатты жергиликтүү бийликтин башкаруусуна өткөрөм! Борбордук бийликтин кийлигишүүсүнө жол бербейм! Реформаларды жасайм!” деген сөздөр, программалар кайда?
Буга чейин Суракматовдун эне тилден тапшырган сынагы сын-пикирлердин толкунун жараткан. Коомдук ишмер, илимпоз Сулайман Кайыпов талапкердин тил билбегенинен тышкары “элементaрдуу логикa, ой жүгүртө билүү, мaдaният, xaризмa деген нерселер ныпым жок” экенин айтып каңырыгы түтөгөн.
Булак: NazarNews.kg