www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият “дин аалымы Чубак ажы Жалиловду ооруканага кабыл албай койгон жана жасалма дем алдыруучу аппарат жетпей калды” деп социалдык тармактарда айтылып жаткан кеп боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта Чубак ажы ооруп жаткан учурда анын жанында жакын санаалаштары Асан ажы Сыргабаев менен Замир Абытов болгону айтылат. 

“Асан ажынын айтуусунда, медицина кызматкерлери аалымдын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшаган. Тилекке каршы, ал эки тараптуу пневмонияга кабылып өз ажалынан акка моюн сунган”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле ал Чубак ажы Жалиловду оор абалда түнкү саат 12:00гө жакын Бишкектеги Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө алып келишкенин билдирген.   

“Ал жерде бөлүмдүн кызматкерлери күтүп турушкан экен. Жасалма дем алдыруучу аппарат менен жардам беришип, дароо реанимацияга алып кирип кетишкен. Дин аалымынын өмүрүн сактоодо тийиштүү медициналык чаралар көрүлдү. Бул жерде дарыгерлер тарабынан күттүрүү болгон эмес. Медицина кызматкерлерине эч кандай нааразычылыгыбыз жана дооматыбыз жок. Атайын палата дагы даярдалыптыр. Чубак ажы ажалынан каза болгон соң дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес”, — деп айткан Асан ажы Сыргабаев.

Белгилей кетсек, 11-июлда белгилүү дин аалымы, убагында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун сөөгү кичи мекени болгон Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жерге берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалилов жөнүндө: «Ал 10-июлда түнкү саат 12:00дө оор формадагы эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылган. 3-даражадагы дем алуунун жетишсиздиги жана кант диабети менен жабыркаган», - деп маалымат берген.

Эске сала кетсек, 11-июлда түнкү саат 2:50дө 45 жаштагы Ч.Жалилов каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости