www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында катталган жол кырсыгында жаракат алып ооруканага түшкөн 6, 14, 16 жаштагы балдарга жардам керек. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.

"Урматтуу, балыкчылык бир туугандар, сүрөттөгү балдар 2 күн мурда Балыкчы-Кочкор жолунда автокырсыкка учурап, учурда Балыкчы шаардык ооруканасында жатышат. Тилекке каршы , балдардын ата-энеси кырсык болгон жерден жан берген. Азыр 3 бир тууган тең жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Мүмкүн болсо ушул номер аркылуу 9417089457281526 (картага) колубуздан келген жардамды берсек. Же болбосо Тоголок Молдо 27 дарегинде жайгашкан үйүнө барып, жардамыңыздарды берип койсоңуздар болот. Балдардын чоң энесинин номери 0700 090621", - деп жазылган билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Ысык-Көлдүн Тоң районунда 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында Volkswagen Passat менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан Volkswagen Passat унаасынын 46 жаштагы айдоочусу, анын 42 жаштагы аялы, 12 жаштагы уулу каза болгон. Ал эми алардын 6 жаштагы кызы, 14 жана 16 жаштагы уулдары жаракат алып, ооруканада жатышат. Бул үй-бүлө мүчөлөрү Балыкчы шаарынын тургундары болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости