www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы пандемия учурунда шаардагы ишканаларды текшерүүнү, убактылуу иштѳѳ режимин жана санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдѳ. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматы билдирди.

Санпатруль 65 уюмга текшерүү жүргүзүп, Фрунзе кѳчѳсү 300/3 дарегиндеги «Олимп» оюн клубу эреже бузгандыгын аныктады. Аталган уюмга Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 3 миң сом ѳлчѳмүндѳгү айып пул салынды.

11-июлга карата 247 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 1 миллион 121 миң сомду түздү. Бузуучулардын кѳпчүлүгүн коомдук тамактануу жайлары, барлар жана түнкү клубдар, супермаркеттер, футбол аянтчалары жана оюн клубдары түзѳт.

Санитардык текшерүүлѳр күн сайын кечки саат 20:00дѳн кийин ѳткѳрүлүүдѳ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости