www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым кубаттуу партиялар Чубак ажы Жалилов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, парламенттик шайлоого бирге баруу үчүн алдыңкы тизмелерди сунуштап атышканын эшиттик. Албетте, белгилүү аалым 100 миң добушту жөн эле алары шексиз. Саясатка шугулданса популярдуулугу мындан да артат...

Натыйжада, суроолор жаралууда: кайсы бир партия таасирдүү диний аалымды байрак кылып көтөрүп, шайлоого аттанышы Конституцияга шайкеш келеби? Дин менен саясаттын камыр-жумур аралашуусу светтик өлкөдө кандай каралган? Эгерде Чубак ажы парламенттик шайлоого аттанса, анда муфтий Максат Токтомушев, Абдышүкүр Нарматов сыяктуу ажылар да саясатка киришип, шарият менен жашоого үндөй башташабы? Анда Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, Россиянын стратегиялык өнөктөшү катары кандай позицияда болуп калат? Айтор, чийеленген соболдорду чечүү керек. Ошондо гана Чубак ажынын шайлоого аттанар-аттанбасы белгилүү болот. Сыягы, жогорку бийлик диний аалымдарды чоң саясатка аралаштырып, өлкөгө кооптуу кырдаалды жаратуудан алыс болот го...

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости