www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, жол ачып берсе да, өкмөт көңүл кош мамиле жасап жатканын айтып чыкты.
Төрөбаев: «Ошол жерге жөө басып барып чек араны тактагандын ордуна, кабинетте картадан көрүп отурушат. Чыр-чатак дагы деле токтобой турат», — дейт депутат.
Төрөбаев «Өнүгүү -Прогресс» фракциянын депутаттары 2 күн кыргыз-казак чек арасында иш алып барганын, пара алуу боюнча маселе бар экенин аныкталганын билдирди.
«Өкмөт ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын чек арадан өткөрүүдө эч кандай тоскоолдук жок деп айтып жатпайбы. Бирок бул сөз дал келбейт. Алардын товарлары 20 күндөн бери чек арадан өтө албай, кечээ өтүштү. Өкмөттүн сөзү менен иши дал келбегенин биз далилдедик», -деп кошумчалады.
Мындан улам депутат өкмөт карапайым калкты кыйнап койбодубу деп суроо салды.
«1-марттан ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн товарына маркировка кирет. Эгерде ага даяр болбосок эл дагы кыйналып калат. Өкмөттүн маркировка боюнча иши нөл. АКШ биздин жарандарга виза боюнча чектөө киргизди. Бул жерде да өкмөттүн күнөөсү бар. Анткени биометрикалык паспорт боюнча өз учурунда иш алып барылган жок. Бишкек шаарында абанын булганышы боюнча да маселе көтөрүлгөндө кайдыгер болду»,-деп өз нааразычылыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg