www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы мечиттердин биринде намаз окуп жаткан адамдга тапанча такап, дубалга 2 жолу ок чыгарган шектүү кармалды.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуя 15-июнь күнү болгон. Бул тууралуу милицияга коркутууга дуушар болгон 50 жаштагы М.М. кабарлаган.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталды.

«Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун 63 жаштагы тургуну А.А. кармалды. Ошондой эле магазининде 6 огу бар травматикалык тапанча, 2 резина ок, 2 гильза, октору бар магазин жана травматикалык тапанчанын 20 огу алынды. Ок чыгарган адам мас абалда болгон жана окуя болгон жерден качып кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости