www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Садыр Жапаров мырза мага миграция кызматын бериңиз, бюджеттен бир тыйын албайм, иштеп берейин" дейт меценат, коомдук ишмер, өндүрүшчү Төлөнбай Нурбаев.  

--"Эми баарын башынан айтпасам болбойт окшойт. Максатым элиме жана балдарыбызга жумуш ордун түзүү. Бүгүнкү кырдаалды көрүп, карап турууга ыйманым жол бербей жатат. Айтпасам болбой калды, Садыр Жапаров мырза мага Миграция кызматын бериңиз, иштеп берейин. 2 жылда 7 облустка 7 завод салып берем, Кудай буйруса, бюджеттен бир тыйын албайм. Менин программамды толук колдоп берсеңиз эле калганын эки жылда жыйынтык көрсөтөм, Кудай буйруса! Буга чейин Атамбаев Алмазбек Шаршенович жакшына эле колдоп баштаган. Структуралык өзгөртүү киргизип Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги деп баштаганбыз. Ошол кездеги Ак үйдөгү коррупционерлер көрө албагандар себеп болуп бул проект ишке ашпай калган. Андан кийин Жээнбеков Сооронбай Шарипович дагы "өтө сонун программа колдош керек, шайлоодон кийин карап көрөлү" деп жактырган. Эми мына Кудайдын буйругу экен тилекке каршы бүгүнкү күндүн эң орчундуу Миграциялык Экономикалык Азык-түлүктүк кризистик акыбалда турабыз. Тиги биздин бала бул биздики дегенди токтотуп, элди жана келечекти ойлойлу.

Мен өзүм 2009-жылдан баштап саясатка КСДП партиясына мүчө, ЖКга талапкер болуп аралаша баштадым. Ошол кезде Алмазбек Шаршенович Атамбаевге чоң ишенич болгон эле. Өкүнүчтүү тегеректеп алган кадрлары бизди шайлоодон кийин жакын жолотпой койду. Алардын аты-жөнүн айтпай эле коёюн. Менин жүрүм-турумума туура келбейт. Эгер окуп калышса өздөрү билеттир. Анысына Кудайга шүгүр дейм. Ошол интригант, коррупционерлерге рахмат айтам. Себеби, алар менин долбоорумду интрига кылып ишке ашырмак эмес экен. Ал тургай мага ошол жумушту берип "подстава" кылып камайбыз деген маалымат уккандан кийин, мен өз арызым менен кеттим. Андан кийин 2015-жылы таза ыймандуу патриот 7 дубандын жаштары биригип "Улуу Кыргызстан" партиясын түздүк.  Жогорку Кеңешке шайлоого аттандык, жаш партия болгонубузга карабай көптөгөн партиялардын арасынан 7-орунду алдык. Бирок добуштар уурдалып өтпөй калдык. Ага да Кудайга шүгүр көп дос таптык, жоготтук.  Андан соң Улукбек Кочкоров менен "Жаңы Доор" деген партия түздүк. Анын курамында Жамалбек Ырсалиев, Айбек Артыкбаев Руслан Бекназаров сыяктуу көптөгөн патриот адамдар болушкан. Анан 2017-жылы президенттик шайлоо алдында Мелис Мырзакматов менен телефон менен сүйлөштүм, ал киши ошондо Стамбулда болчу. "Төлөнбай сен Улукбек Кочкоров экөөңөр келип кеткиле . Келечектеги президенттик шайлоо жөнүндө, саясаттан акылдашалы деп ага катары кеңешимди берейин" деп бизди чакырды!

Биз Стамбулга барып, Мелис Мырзакматов менен жолукту. Көп сөздөр болду ал киши биз менен намаз окуду. Өтө жакшы маанайда жолугушуу болуп, ошондо мен Садыр Жапаров жөнүндө сурадым. Мелис байке "ооба Садыр мага келди сүйлөштүм. Жакында ал Кыргызстанга барат" деди. Ага чейин мен Мессенжер менен Садыр Жапаров менен сүйлөшкөм. Ал киши "мен Алматадамын" деген. Анан Биз 3 күндөн кийин Бишкекке учтук. Эртеси күнү мен 4-5 бала болуп Шайлообек Атазов менен Алматага барып, Садыр Жапаров менен 1-2 саат кафеде жолугуп сүйлөштүк. Жапаров "мен эки-үч күндө Кыргызстанга барам, тосуп алгыла" деген. Мен Шайлообек Атазов 15 -20 бала менен үч күндөн кийин чек арадан тосуп алганы бардык. Ал жерде эмне болгонун билесиздер, анан 2017-жылы президенттик шайлоо башталды. Биз Улукбек Кочкоровду колдоп Кара-Сууда иштеп баштадык. Кийин 2020-жылы Кара-Сууга "Биримдик" партиясынан талапкер таппай коюшкан. Кара-Сууга талапкерлер коркуп барышпайт. Анан 2020-жылы июнь айында апам менен атам ковид менен катуу ооруп, ооруканада орун, дары жок бюолуп кыйналдык. Анан мен 7 жылдан кийин бирөөлөр аркалуу,  Асылбек Шарипович менен телефон аркалуу байланыштым. "Мага жумуш берген жоксуңар, мейли. Көңүл бурбадыңар ага дагы ыразымын. Бирок азыр менин апам, атам оор абалда. Жардам бербесеңер болбойт, өткөн иштерге ыразымын дедим. Апамды ооруканага жаткырбасаңыз мен кечирбейм, жаткырсаңыз ыразы болом дедим. Ошол кезде Асылбек Шарипович өзү да ковид болуп жаткан экен.  Ошентип анын жардамы менен атам больницага жаткырды. Өкүнүчтүү алтын апам ооруканага жетпей шейит кетти.  Ошол күндөн баштап мен өтө каттуу өзгөрдүм сындым. Апанын орду бөлөк экен. Саясатыңы, дүйнөнүн деле кызыгы жоголду. 

Шайлоого жакын Асылбек Жээнбековдун жакын кишилери чалып, "сизди чакырып жатат" дешкенде бардым. КСДПСга убагында көп кызмат кылдың. Мен мурда жардам кыла албай калдым. Миграцияга барам десең иште. Жогорку Кеңеш колдосо бар. Өзүңү көрсөт, эми мурдагы пландарың ишке ашырганга убакыт келди. Кара-Сууга барасыңбы? деди. 

Же Жогорку Кенешке талапкер болуп бар деген. Мен ойлонуп, өз шарттарымы айттым. Коррупция менен күрөшөсүзбү? Мурдагы интриганттардан арыласызбы? деп суроо узаттым. "Ким мыйзам бузган болсо коррупцияга аралашкандар болсо Жогорку Кенешке барып калсак, калсак бүт тазалайбыз" деди.

Мен Атам жана агам менен кеңешсем, атам каршы болуп "балам койчу бул саясатта сендей ыймандуу тазаларды тез эле сындырып коюшат" деп койду. Ошентип Айнуру Алтыбаева экөөбүз Кара-Сууга жөнөдүк. 

Эң негизгиси мени ойлондурганы бүгүнкү күн эртеңки келечек. Мен ишенемин Кудай буйруса Кыргызстаныбыз өнүгөт. Ага бизде бүт жөндөм, мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар бар!", - дейт Нубаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости