www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Унаалар сууда калкып… Крымды суу каптады

Крымдын Керчь шаарына адаттагыдан көп жааган нөшөрдөн улам калааны суу каптап, кадимки алааматка айланды. РИА Новости түндө суунун көтөрүлүп кеткен деңгээли 1,5 метрге түшүп, 40-80 сантиметрдин тегерегинде турганын жазды. Суу каптаган аймакта 1 700 адам болгон.

Видеодон автоунаалардын сууда ширеңкенин кутусундай калкып калгандыгын, унаанын ичине шаркырап агып кирип жаткан сууну көрүүгө болот.

Агенттик Керчь жана ага жакын жайгашкан райондорго эки айлык жамгыр бир жаап салгандыгын (82 милллиметр), ал бүгүн, жума күнү да, басылбай жаткандыгын билдирди.

Аймактагы Мелек-Чесме дарыясынын суусу көтөрүлүп кетип, шаардык оорукананын имаратынын алдыңкы кабатын каптаган.

Жаратылыш кырсыгы болгон жерден 1 387 адам көчүрүлсө, анын 238и балдар деп билдиришти.

Учурда аймакта чукул абал жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости