www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам долбоору аркылуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күнгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо жаңы түзүлгөн жалпысынан 12 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда. Аларда баш-аягы 25467 калк жашайт.
Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы да жактырылды.
Мыйзам долбоору аркылуу Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма жаңы түзүлгөн айылдарынын, жалпысынан 16 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык маселелер боюнча агенттигинин директору Бахтияр Саилиев айрым калктуу конуштарды айыл категориясына которуу жергиликтүү калктын турмушун жана конуштардын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга, элет жергесиндеги калкты каттоого алуу, социалдык тейлөө сындуу көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Депутат Дастан Бекешов Өкмөт тарабынан сунушталган эки мыйзам долбоорунун мазмуну окшош болгондуктан, аларды бириктирүүнү сурады.
Өкмөт өкүлү мындай сунушка макулдугун билдирди. “Айылга айлангысы келген конуштар арбын. Өкмөттө дагы 14 калктуу конуштун өтүнүчү турат. Алардын тапшырган документтери толукталып бүткөндөн кийин парламенттин кароосуна киргизебиз”, - деп кошумчалады ал.
Депутаттардын бири “аларга айыл категориясы берилсе, паспортторун да алмаштырышабы”,-деген суроосуна бул маселе дагы караларын айтып өттү.
Натыйжада "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg