www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Идлибдеги карапайым элдин өлүмүнө Россия менен Сирияны күнөөлөдү. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.
“Түркия Асада аскерлерин Идлибдин территориясынан тышкары зонада жок кылууга даяр. Биз провокацияларга көз жума албайбыз”,- деп өлкө башчы айтты.
Белгилей кетсек, 10-февралда Идлибдеги сириялык-араб аскерлерине каршы согушкан жоокерлер Түркиядан америкалык бронетехникаларды алышканы маалым болгон.
Россия менен Түркиянын ок атууну токтотуу демилгесине карабастан, Идлибдеги сириялык аскерлер менен жоокерлердин согушу январ айында күчөгөн.
Акыркы маалыматтар боюнча, сириялык аскерлери провинцияга жылып, борборго барчу жол менен бир нече калктуу жерлерди алууга жетишти. Өзгөчө төрт түрк байкоо посту бар Саракиб шаарын.
Булак: NazarNews.kg