www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште эки мыйзамдын жоболорун өз ара шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралууда. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна шайкеш келтирүүнү көздөөдө. Аталган демилгени депутаттардын тобу көтөрүп чыккан. 

Демилгечинин айтымында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары ажырым аныкталган. “Алсак, мыйзамдын 10-беренесинде калктын саламаттыгын сактоону камсыз кылуу мамлекеттик бийликке берилген, ал эми жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине калктын саламаттыгын коргоого шарттарды түзүү, саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар киргизилген эмес”, - деди депутат Бактыбек Турусбеков.

Ошондон улам, демилгечилер  «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна шайкеш келтирүү максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын  "саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу» деген пункт менен толуктоо сунушун киргизүүдө.

Депутат мыйзам долбоору өлкө аймагындагы бардык 453 айыл аймагында жашаган тургундардын ден-соолугуна тийиштүү экенин, бирок мыйзам кабыл алынып калса, башка мыйзамдардын айрым жоболоруна кайчы келип каларын маалымдады.

Өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Алмас Абытов Өкмөт мыйзам долбооруна каршы пикирин билдиргенин айтты.

Депутат Мирлан Бакиров учурда айыл өкмөттөрүнүн басымдуу бөлүгү дотацияда отурганын эске салып, алар саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу милдетин аткара албашы мүмкүндүгүн айтты.

“Билим берүү министрлиги калктын билим берүүсүнө  жооп берет. Саламатыкты сактоо министрлиги калктын ден соолугуна жооп берет. Айыл өкмөтүнүн башчылары сабак өтсүнбү же элдин ден соолугун текшерсинби?

Мыйзам менен программаны кабыл алгандан кийин ишетеш керек да. Эки комитеттин тең корутундасында каршылыгын айткан. Ошондуктан мыйзам долбоорун четке кагуу зарыл”,-деп кошумчалады.

 Ал эми депутат Искандер Гайпкулов мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Саламаттык сактоо саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу жаатында таптакыр аракет жасабай коёрун белгиледи.

Натыйжада мыйзамдын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости