www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө агасы инисин балта менен өлтүрдү

Чүйдүн Сокулук районунда агасы инисинин өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:17 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда 69 жаштагы М.А. 64 жаштагы иниси А.Д. менен уруша кетип, инисин балта менен чаап жиберген. Жыйынтыгында жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми 69 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости