www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн райондук соту Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаевдин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө арызын канааттандырды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Темирбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча соттолуп, 2016-жылы Жогорку сот аны 25 жылга эркинен ажыраткан.

"Темирбаев абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө 23-октябрда бошотулган. Анын үч ай 20 күндүк мөөнөтү калган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жогорку соттун маалымат кызматы СИЗОдо өткөргөн бир күн колониядагы эки күнгө теңелгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Темирбаевдин жаза мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу пробация органдары атайын шарттарды коюп коё берген. Алсак, ал пробация органдарына кайда жашап жаткандыгы тууралуу маалымат берип турушу керек. Орган койгон талапка ылайык, жумуш учурунда аларга келип турушу шарт. Ошондой эле жашаган жерин которо турган болсо же башка жакка көчүп жатса да пробация органдарына кабарлашы зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости