www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 2-январында Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылынын Өмүркул Жакишев атындагы орто мектебинен баалуу буюмдар уурдалган. Тагыраагы, ноутбук, проектор жана 5000 сом акча каражаты. Бул окуя боюнча мектеп директору Г. Б. милицияга арыз менен кайрылып, бул факт боюнча 220-берененин негизинде (уурулук) кылмыш иши ачылган.

Тергөө амалдарынын негизинде уурдалган буюмдар арыздануучу, тактап айтканда мектеп директорунун өзүнүн үйүндө табылганы маалым болду. Алдын ала айтылган кабарларга караганда 12-январь күнү мектептин кароолчусу таштандыдан аталган буюмдарды таап алганын директорго айтып, кайрылган. Ал буюмдар жөнүндө тергөөчүлөргө айтпастан өз үйүндө өзү колдонуп жүргөн. 

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы кабарланды.

Мектеп директору буга чейин жоголгон буюмдарды окуучулардан көрүп, ата-энелерин төлөп бергиле деп кыйнап келгени айтылууда. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости