www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш акын Мырзайым Айтимбетова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына кыргыздар тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Акындын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Кыргыз, кырылгыс эл экенибизди эстегибиз келет, бабалардын бизге мурас кылып кеткен, мыйзамга жазылбаган улуу салтын, наркын улап.. бирок балдарың чалдардай, чалдарың бардардай болуп калган заманда жүрөктү чоочута турган чоң маселе бар. 25-жашка чыга элек балдарың сакал коюп жүргөнүн көрдүкпү, көрдүк. Мектеп босогосун аттап жүргөн темир канат наристелерибиз чүмкөнүп алганын көрдүкпү, көрдүк. Мөлтүрөп турган уул-кыздарыбыз акыл чөйчөгүн улуу эпостун, улуу жомоктору менен толтура турган кезде таалим угуп, даватка чыгып кеткенин көрдүкпү, көрдүк. Алакан жайып батасын берээр аксакалдарыбыз, акыл маселесин айтпай, катын маселесин айтып олтурган кездерди көрдүкпү, көрдүк. Эми биз кайда барабыз?.. эмне деген жолду көрсөтүп атасыңар?.. Улутту каза дин эмес, таза дил, таза кан, таза тил сактап калаарына шегим жок! Кудай асманда эмес, кудай тоодо эмес, кудай ташта, сууда, отто эмес, кудай Пакистанда эмес, кудай, Аравияда эмес, кудай ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Кудайдын тынчын алып эмне мынча жүдөттүңөр?! Таалим-тарбия деген үйдөн берилет. Кыргыз бекеринен айтпайт, “ата көргөн уул, энесинин тасмалын көргөн кыз экен” деп. Мен, менин улутум Кыргыз деп жүргөн Кыргыз уулунун оозунан, “даватка чыгып келдим” эмес, “жайлоого чыгып аргымактын оозун бура тартып чаап, ак кымыздан жутуп, тогуз коргоол, көк бөрү, ордо, жаа тартмай, тыйын эңмей, ж.б улуттук оюндарды ойноп, чоң аталарыбыздан санжыра угуп, эс алып келдим” деген сөздү уккум келет. Кыздарыбыз беш көкүлүн жеңелерине өрдүрүп, беш таш, ак чөлмөк ойноп, селкинчек тээп, кырк үйдөн тыйылып, оозунда жаңылмачы, макалы куюлуп турганын көргүм келет!..

Бейишке чыккыңар келген жашыл, кара, ала-була желегиңер менен Пакистанга чейин, же Аравияга чейин эле барасыңар.
Мага замзам суусунан, Кымыз артык. Ичегидей башыңа оролгон селдеңен, Ак калпак артык. Шалбыраган шалбарыңан жоокер кийими артык. Чүмкөнгөн чүмбөтүңөн, улуттук көйнөгүм артык. Даватыңан, Манас эпосу артык. Ухуд тооңон, Ала-Тоом артык!!!”,-деп Мырзайым Айтимбетова жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости