www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Жайыл райондук соту 24 жаштагы Р.Б. аттуу жаранды киши өлтүргөндүгү үчүн 12 жыл 6 ай эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө маалымдалды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу чогуу алкоголдук ичимдиктерди ичкен шеригин катуу сабап салган. Ал алган жаракаттарынан улам көз жумган.

«Тактап айтканда, Р.Б. маркумдун колу-бутун байлап, андан соң анын оозуна баш кийимин тыгып, унаанын дөңгөлөгүн тагып алып тепкилеп сабаган. Сотто Р.Б. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, ал маркум менен окуя болгон күнү таанышкан, ал ичимдик ичүүнү сунуш кылган. Арак ичип отурушуп ортодон чыр чыккан. Р.Б. шеригин катуу сабап туруп таштап кетип калган», — деп айтылат өкүмдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости