www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова саясат тууралуу билдирүү жазып чыкты.
Назира Айтбекованын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:
“Журналист, мугалим, врач кезинде эл тарабынан сүйүлүп, "Элдик" деп аталгандар саясатка киришкен соң "Элдик" аты өчүп, тепкиде калганы көп негедир. Мыктылардын бары саясатка ашыгышат. Эгерде чөөлөрдүн арасына бир арстан барса, таламында калат, же жанын сакташ үчүн чөө менен чөө болгонго туура келет. Саясатта акыйкаттын саясатын кылам десең, чөө менен эмес бүркүттөр, арстандар менен чык. Өзүңө окшогон, пикирлештериң көптүк кылуусу кажет. Мекенге болгон сүйүү "Кресло" менен чектелбейт. Анан эмнеге ага болгон ашыктык көп? Өтүкчү өтүгүн мыкты тиксе, ишин сүйсө, наабайчы нанын таттуу жасаса, мугалим дилгирленип сабак берсе, сүйүү ушул! Мен Мекен үчүн эмне кыла алам дегенде өзүмдү өстүрүүм керек, ишимди мыкты жасайын, кыргыз тилин жайылтайын, уулумду жакшы тарбыялайын деген нерсе келет”, - деп жазды Назира Айтбекова.
Булак: NazarNews.kg