www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы мечиттердин бирине куралчан кирип келип адамдарды коркуткан жаран үй камагына алынды.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 63 жаштагы жергиликтүү тургун 15-июнда мечитте сыйынып отургандарды травматикалык курал менен коркуткан. Күбөлөр ал мас экенин айтышкан.

Милиция шектүүнү кармаганда, жанынан травматикалык курал жана ок табылган. Анын үстүнөн Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Сот анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Айрым басылмалар ал адамдарды коркуткан учурда эки ирет ок атканын жазышты. Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости