www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-июнда Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти

Жети-Өгүз райондук сотунда үч судья, он төрт аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн беш кызматкери жана сот приставдар бөлүмүмнүн бир улук сот приставы эмгектенишет.

Жети-Өгүз райондук сотунда бир сот отурум залы бар жана учурда сотто автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштерди автоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү иштеп келет.

Нургүл Бакирова кызматкерлер менен жакындан таанышып, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин көңүлүн эмгек таптипти бекем сактоого, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга буруп, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, сотко кайрылган адамдарга сылык мамиле кылууга чакырды. "Сот тутумунун коом ичиндеги аброюн жогорулатуу үчүн ар бириңиздердин жардамыңыздар керек. Жарандарга сылык мамиле кылып, ийкемдүү болсоңуздар жана мыйзам чегинде гана иштесеңиздер сотко болгон ишеним да артат", — деди төрайым Жети-Өгүз райындук сотунун аппарат кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости