www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Дыйкандар өкмөткө тез арада сугат суу маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылып атышпайбы. Сугат суу маселесин тез арада чечүү, аны жөнгө салуу мүмкүнбү?

- Суунун жетишпестиги күтүлгөн нерсе болчу. Болгону биз буга даяр болушубуз керек эле. Ал эми даярдыктын маани-маңызы жөнөкөй эле – өсүмдүктөрдү сугаруунун заманбап, жаңы технологияларына өтүү. Тамчылатып сугаруу, жамгыр сугат системасы.

Биз булар тууралуу канча жылдан бери айтып келатабыз. Алгачкы үлгүлөрүн дагы көрсөттүк. Бирок, бул жалпы улуттук масштабда ишке ашкан жок. Ошондуктан, дыйкандар митингге чыгабы же башка кылабы, жакынкы арада бул маселе чечилбейт.

- Сиз айтып аткан жаңы сугаруу методдоруна өтүүгө канча убакыт жана эмне талап кылынат?

- Жаңы сугат системаларын бүгүнтөн баштап орнотпосок, эртең кырдаал мындан дагы оорлойт. Бирок, канча жылдан бери айыл чарба тармагын жетектеген адамдардын арасында бир дагы кесипкөй адис жок. Реформатор, новатор эмес, көрүнгөн кишини көчөдөн алып келип министр кылышат. Анан кантип система оңолсун?

Маселе бир күндө чечилип калбайт да. Ошон үчүн эмки жылга карата бүгүнтөн тарта даярдык көрүш керек. Жаңы токтомдорду кабыл алып, заманбап системаны киргизиш үчүн болгон тоскоолдуктарды чечүү зарыл. Аны чечүү үчүн ошого көзү жеткен адистер керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости