www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз Чүй облусунун тергөө кызматкери өз жанын кыйды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу NazarNews.kgге Чүй ОИИББынан билдиришти.
"ЖМКлардын бирине чыккан “Тергөөчү өз өмүрүн кыюуга аракет кылган” деген маалымат чындыкка туура келбейт.
Айрым маалымат каражаттарына жарыяланган маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын 14-апрель күнү Москва РИИБинин нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, дары-дармек ичип өзүн жаман сезип, милиция кызматкери ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Москва РИИБинин ыкчам тергөө тобу оорканага барышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө, ал 1993-жылы туулган М.С. аттуу Москва РИИБинин кызматкери экени аныкталган.
Териштирүү учурунда 13-апрелде кызматкерлердин бири менен пикир келишпестик жаралып, РИИБдин жетекчилигинин көрсөтмөсү боюнча окуяга тиешелүү кызматкерлер медициналык кароодон өткөрүлүп, медициналык кароонун жыйынтыгында кызматкерлер эч кандай спирт ичимдиктерин ичпегени такталган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү учурунда 1993-жылы туулган М.С. жана ошол жерде иштеген кызматкерлер ортосунда пикир келишпестик болгон учурда башы ооругандай болгондуктан, көңүлүн жай алдыруучу дары ичкенин айтып, бирок ал дары жардам бербей башы ооругандыктан баш ооруга каршы дарыдан бир нече таблетка ичип алыа, анын натыйжасында өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылганын билдирген.
Кызматкердин айтымында ал эки бала тарбиялап учурда кош бойлуу экенин айтып, өз өмүрүн кыюу оюна келбегенин билдирген",-деп айтылат маалыматта.
Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө дайындалган, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы сотко чейинки өндүрүш ишине тиркелет. Бүгүнкү күнү бул иш боюнча Чүй облусунун ИИББинин тергөө кызматы тарабынан ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg