www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын борбор калаа Пхеньяндын сыртында жүрөт жана адаттагыдай эле ишин улантууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын маалымат каражаттарына Түштүк Корея президентинин администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлү билдирген,- деп жазган ТАСС.

“Бизге жеткен маалыматтарга карганда, төрага Ким Чен Ын өзүнүн жакын санаалаштары менен айыл жеринде жүрөт. Ал өз ишин кадимки режимде улантып жаткан окшойт”, - деп Тон ильбо гезити жана Yonhap агенттиги маалымдашты.

Эске салсак, АКШнын чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ден соолугунун абалы кандай экенин текшерип жаткандыгы тууралуу чет өлкөлүк ЖМКлар жазып чыгышкан.

Лидердин ден соолугуна кооптонууга Ким Чен Ындын бир нече күндөн бери расмий иш-чараларга катыша электиги жана чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүнө арналган эскерүү зыйнатына дагы катышкан эместиги себеп болгон.

Лидердин жоктугун байкаган жалпыга маалымдоо каражаттары анын абалы башынан өткөргөн жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу операциядан кийин начарлап кетиши мүмкүн деп болжошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости