www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда тоонун чокусуна унаасы менен чыккан жаран коктуга кулап, алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей көз жумду. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык 28-апрелде саат 22:00дө орун алган.

"Аламүдүн районундагы Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусуна 1996-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен чыккан. Ал унаасы менен коктуга кулап түшкөн. Окуя болгон жерге 1 бөлүм тартылып, куткаруучулар жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости