www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Amnesty International эл аралык укук коргоочу уюму Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу ар жылдык баяндамасын жарыялады.

Укук коргоочулардын баяндамасында Кыргызстанда адам укуктары тармагындагы эң негизги көйгөйлөр — аялдарды, мүмкүнчүлүгүнөн чектелгендерди , ЛГБТны, этникалык азчылыктарды басмырлоо жөнүндө сөз болгон. Мындан тышкары, милициянын кыйноолору тууралуу маселе да курч бойдон калгандыгын билдирген.

Аялдарга карата зомбулук

Amnesty International эрте жана мажбурлап никеге тургузуу, анын ичинде кыз ала качуу бүгүнкү күнгө чейин жоюлбай жатканын маалымдайт.

Алар Кыргызстандын Улуттук статистика комитетине таянып 15-19 жаштагы ар бир он биринчи кыз күйөөгө тийип чыкканын айткан. Ошондой эле, ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 24 жашка чейинки кыздардын 13 пайызын күйөөгө тийүүгө эркинен сырткары беришкен. 

Мындан тышкары, 2019-жылдын биринчи жарымында милиция кыз ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш ишин козгогон. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу өскөн.

Ошол эле маалда кыз ала качуу үчүн күчөтүлгөн жаза күчүнө кирген. Эми бул кылмыш үчүн 10 жылга эркиндиктен ажыратуу жана 3 миң доллар өлчөмүндө айыпка жыгуу чарасы каралган.

Укук коргоочулар Кыргызстанда милиция үй-бүлөдөгү зомбулукка реакция кылбайт деп эсептейт. Уюм Ош облусунун Айзат Чиртекова аттуу туругуну кабылган окуяны мисал келтирген. Ал күйөөсүнүн зордук-зомбулугунан улам 2018-жылдын август айында жет айлык ымыркайы менен төртүнчү кабаттан өзүн таштап жиберген.

Укук коргоо органдары корук кат берген эмес жана кылмыш ишин козгобой коюшкан. Бул окуяга чейин бир ай мурда, күйөөсү аны катуу сабап, муунтууга аракет кылып, велосипед менен ургандан кийин ал Оштогу үйүнөн кетип калган.

«Айзат Чиртековага бала өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн кылмыш иши козголгону менен укук коргоо органдары анын күйөөсү тараптан болуп аткан зомбулук тууралуу билдирүүлөрдү иликтеп башташкан жок. Мартта Ош прокуратурасы анын күйөөсүнө карата кылмыш ишин козгоодон кайрадан баш тартты. Декабрда ал адам өлтүрүүгө кол салуу үчүн 11 жылга кесилди», — деп айтылат баяндамада.

Мүмкүнчүлүгүнөн чектелгендердин укугу

Майып адамдардын укуктары тууралуу конвенция ратификацияланганы менен Кыргызстанда алар ушул убакка чейин коомго интеграциялана элек. Мектеп, мамлекеттик орган, оорукана жана транспорт сыяктуу коомдук жайларда майыптар үчүн инфраструктура дагы деле жеткиликтүү эмес.

Amnesty Internationalдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда психиатриялык жардам мурдагыдай эле «тар жана эскирген биомедициналык жардамдын» арты менен көрсөтүлөт.

Жарандык кодексте жаранды, эгер ал «өзүнүн психикалык оорусунан улам өз аракеттерин маанисин түшүнбөсө же өзүн-өзү башкара албаса» аны аракетке жараксыз деп таанып, ага камкорчу дайындоого мүмкүндүк бере турган ченем бар. Бул мыйзам алдында теңдикти кепилдеген Майып адамдардын укуктары тууралуу конвенциясын бузуу.

«Amnesty Internationalдын өкүлдөрү Токмоктогу эркек кишилердин психоневрологиялык үй интернатына барышканда, аларга 2017-жылы бир эле күн ичинде 67 бейтап аракетке жараксыз деп табылганын айтышкан», — деп жазылган отчётто.

Лесбиянка, гей, биссексуал жана трансгендер адамдар менен интерсекстин укуктары

«Кыргызстандын конституциясы жарандарды ар кандай белгилер боюнча басмырлоодон каргойт, бирок сексуалдык багыт жана гендердик иденттүүлүк башка белгилердин арасында түздөн-түз айтылбайт. Башка бир мыйзам актыларынын биринде да сексуалдык багыт жана гендердик иденттүүлүк себеби боюнча басмырлоо түздөн-түз эскерилген эмес», — деп жазган уюм.

Ага мисал катары Amnesty International 2019-жылдын 1-майында феминисттик жана «8/365» ЛГБТИ кыймылы тарабынан уюштурулган чакан майрамдык иш-чараны мисал катары келтирген. Ал күнү аталган иш чара «20дан ашуун жаш жигиттер, анын ичинде бир нече белгилүү улутчулдар» тарабынан үзгүлтүккө учуратылган.

«Ал жерде жүргөн милиция кызматкерлери киилигишпей коюшкан. Окуядан кийин “8/365” кыймылындагы иш-чаранын уюштуруучулары кол салгандардын үстүнөн милицияга арыз жазышкан, бирок (2019-жылдын) аягына карата иликтөө аягына чыга элек», — деп айтылган документте.

Абийир туткуну

«Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин 2010-жылдын июнундагы (Ош коогалаңы) улуттар аралык кагылыш учурунда жана андан кийин болгон адам укуктарынын бузулушу толук жана бейтарап иликтене элек», — деп айтылат укук коргоо уюмунун отчетунда

Amnesty International мындан кийин орун алган кылмыш куугунтугу негизинен этникалык өзбектерге тийиштүү болгонун белгилейт.

«Этникалык өзбек жана укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою камакта отуруу жазасын өтөөнү улантып жатат, бул өкүм ага 2010-жылдагы окуялар учурунда милиция кызматкерин өлтүрдү деп токулган айып боюнча чыккан, — деп маалымдаган уюм.

Баяндамага ылайык, Аскаров жаңы күчүнө кирген Жазык кодексине карабастан өмүр бою эркинен ажыратууга байланыштуу жаза мөөнөтүн өтөөнү улантып жатат. Жаңы кодекс боюнча ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган эмес. Азырынча инстанциялардын бардыгы анын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырышты.

«Эркинен ажырап отурган жылдары анын ден соолугунун абалы начарлап кеткен, бирок дагы деле ага керектүү жана тийиштүү дарылоодон баш тартып жатышат. Азимжан Аскаров өзүнүн укук коргоочу ишмердиги үчүн эркинен ажыраган абийирдин туткуну болуп саналат», — деп жазат Amnesty International.

Эске сала кетсек, Азимжан Аскаровдун күнөөсү сот тарабынан иликтенип, далилденген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости