www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто 15 жаштагы кыз бүтпөгөн көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 10-июнда саат 15:43тө милицияга 15 жаштагы кыз өмүрүнө кол салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Өспүрүм кыз алган жаракатынан улам көз жумду

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, каза болгонго чейин өспүрүм туугандары менен чырдашкан.

«Маркумдун атасы 7-июнда милицияга кайрылып, кызы үйдөн чыгып кеткен жана кайтып келген эместигин билдирген. Анын сөөгү 10-июнда табылган. Өспүрүм курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатынан секирген. Окуянын жагдайы аныкталууда ”, - деп кошумчалады милиция бөлүмүнөн.

Иллюстративдик сүрөт

Булак: NazarNews.kg

Последние новости