www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүккө жагабы-жакпайбы, айтор, Өмүрбек Текебаев чоң саясатта дайыма баштоочу катары жаңылыктарды жасап, кескин бурулуштарга барганга тобокелдик кылып келет.

Баарыбыз күбө болгондой, жакында «Ата Мекен» партиясынын катарын жаңылап, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Элдар Абакиров, Тилек Токтогазиев, Азамат Темиркулов сыяктуу лидерлердин башын кошо алды. Башка партиялар башчысын аныктай албай аткан шартта ал катарында кимдер болорун көрсөтүп койду.

«Ата Мекенге» элдин назары бурулууда, ошого катар карама-каршы күчтөрдөн да соккулар болууда.

Эң башкысы, келаткан парламенттик шайлоого карай Өмүрбек Чиркешовичтин «Чубактын кунундай» созулган сот процесси кандай жыйынтыкталат? Акталса, анда бийлик упай алат, эгерде соттолуп калса, бетке чиркөө иш катары кабылданып, бирок, «Ата Мекендин» рейтинги өсүп, добуш алууда кайсы бир деңгээлде жогорку көрсөткүчтөрдү жасай алышары ырас.

Реалдуу турмушта Өмүрбек Текебаев кайрадан түрмөгө барып отурбайт, күчкө салып соттолуучу кылып коюшса, оппозициялык толкун күчөйт, акталса ого бетер каршылык көрсөтүүгө жол ачылат. Ошентип, бул иш бийлик башындагы чиеленген азаптай көрүнүүдө, «оңго барсаң атың, солго барсаң өзүң өлөсүң» дегендей...

Булак: АЗИЯnews

Последние новости