www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук райондук соту Жазык кодексинин 133-беренеси (Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) менен айыпталган Айгүлдүн (аты өзгөртүлдү, Э.к.А.) жазык ишин карап чыкты.

Айгүл 2001-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Билими орто, бойдок, мурда соттолгон эмес, убактылуу иштебейт.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча, Кымбат 2019-жылдын 20-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Сокулук районунун Новопавловка айылына карашуу Тынчтык жаңы конушундагы таежесинин үйүндө “Мифепристон” жана “Мизопростол” деген дарыларды ичип, боюнан түшүргөн. Андан соң 28 жумалык баланы даараткананын ичине таштап салган. Көп өтпөй бала ыйлап баштаган. Анын үнүн уккандар ымыркайды дааратканадан алып чыгып, тез жардам кызматы менен Сокулук районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок 28 жумалык кыз чарчап калган.

Соттук отурумга айыпталуучу жана күбөдөн башка Сокулук райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси, жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлү катышты.

Айыпталуучу Айгүл сот отурумунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартып, алдын ала тергөөдөгү берген көрсөтмөлөрүн колдоду.

Күбө А.О.нун айтымында, Айгүл Россияда иштеп жүргөн эжесинин кызы. Ал А.О.нун үйүндө бир жылдай жашап, Токтогулга кеткен. Андан кийин кайра келген.

“Кымбат толук кыз. Чоң кийимдерди кийип, чөнтөгүнө дайыма телефон, кубаттагыч же башка майда буюмдарды салып жүрчү. Мындан улам анын боюнда бар экени билинчү эмес.

2019-жылдын 20-октябрында болжол менен саат 16:00 чамасында экинчи класста окуган кызым эшиктен чуркап келип, “апа биздин дааратканадан мышыктынбы же баланынбы, айтор бир үн чыгып жатат” деп айтты. Дароо сыртка чуркап чыгып, даараткананын тешигин телефондун жарыгы менен карадым. Ошондо баланын башы көрүндү. Дароо кошуна эжени чакырдым. Ал эже фонарик менен карап, “бала экен” деп айтты. Анан кошуна баланы чакырдык. Ал даараткананын сыртын кулатып, ичине кирип ымыркайды алып чыкты. Ошол маалда бала ыйлап, тебинип жаткан. Тез жардам чакырып, баланы өткөрүп бердик. Андан кийин Айгүл үйгө кирип кетти. Мен ошондо анын шымы кан болуп калганын көрүп калдым. Дароо сураштырып баштасам, “ичим ооруп дааратканага бардым. Анан түшүп кетти” деп айтты”, — деди ал.

Айгүл Жазык кодексинин 133-беренеси (Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости