www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө жол тескөөчү өзүнүн башына  ок атты

Жайыл районунда Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери өзүнүн башына ок атты. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда журналисттерге күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып билдиришти.

Болжолдуу маалымат боюнча, окуя бүгүн саат 12:00 чамасында Суусамыр өрөөнүндөгү Париж деген аймакта болгон. Милиция кызматкери кызмат учурунда алган табелдик куралынан өзүнө ок атып каза болгон.

Бул маалыматты тактоо үчүн  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө байланышканыбызда азыр аталган иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен толук кабар берилээрин кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости