www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Таластын мурдагы губернатору Койсун Курманалиева 2010-жыл кайра кайталанса, революцияга катышпайт элем деп арман кылыптыр. Чын эле революцияга катышкандар өздөрү өкүнө турган абал түзүлдүбү?
--"Революции задумывают гении, осуществляют фанатики, а плодами пользуются проходимцы" деген абдан таамай айтылган сөз бар. 2010-жылкы революциянын идеялары, анда шейит кеткен баатырлардын курмандыгы, жаракат алган жигиттердин эрдиги, башын байлап кандуу режимге каршы чыккан канча мекендештерибиздин эмгеги ичи арам бир адамдын, анын митедей болгон жардамчы, жансакчы, шоопурларынан турган командасынын иштери менен дискредитация болгонун тана албайбыз. Ошондуктан 2015-16 жылдары мен "туура эмес адамды бийликке алып келиптирбиз, кыргыз элим, - кечирип коюңуздар" деп элден сурангам.
Ошон үчүн АШАнын жан-жөкөрлөрү, анын буйругу менен, суу кечпеген калптарды 3 жыл бою жалпы массалык кабарлар булактарына чыгарып ууру, коррупционер деп болоорунча шыбады.
Өзүбүздүн ар-намысыбызды сотто коргогонго аргасыз болуп, 1,5 жыл соттошуп жүрүп, Жогорку Сотко чейин жетип, жеңип чыктык. Каршылашуу катуу эле болду. Бирок, биз жеңип чыккан соттордун чечими бугүнкү күнгө чейин аткарылбайт. Ошондуктан Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүн, саясатын саботаж, дискредитация кылып жаткан чиновниктерди, сотторду люстрация кылмайынча, өнүгүү жолуна түшүшүбүз күмөн деп эсептейм.
Ошондуктан Койсун чынында ошондой арман кылса, аны түшүнүү менен кабыл алса болот. Бирок убакыт, тарых баардыгын ордуна койот. Жасалган эрдиктер, курмандыктар, иштер бекер болгон жок деген терең ишеничтемин.
Булак: NazarNews.kg