www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдошу туугандары тарабынан зордукталган аялы менен ажырашты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылды.
Маалыматка ылайык, Кемин райондук соту Жазык кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен айыпталган (зордуктоо) Уланбек (аты өзгөртүлдү, О.у.У.) менен Байматтин (аты өзгөртүлдү, О.Т.Б.) жазык иши боюнча материалдарды карап чыкты.
Уланбек 1993-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районунда туулган. Бойдок, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган эмес.
Баймат 1981-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районунда туулган. Бойдок, 7-класска чейин гана окуган. Убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган.
Маалым болгондой, Уланбек менен Баймат 2020-жылдын 17-март күнү спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, өздөрүнүн жыныстык кумарын кандыруу максатында алдын ала сүйлөшүп, Кемин шаарындагы турак үйлөрдүн бирине барышкан. Жабырлануучу Гүлүмкан (аты өзгөртүлдү, Г.Д.Д.) үйдү ачканда Уланбек менен Баймат: «Бастырманы ченейбиз» деген шылтоо менен короого киришкен. Ошондо айыпталуучулар жабырлануучуга күч колдонуп, анын каршылык көрсөткөнүнө карабай жыныстык катнашта болушкан. Анын кесепетинен жабырлануучуга ден соолугуна жана моралдык жактан зыян келтирилген.
Айыпкер Уланбек сот отурумунда күнөөсүн толук мойнуна алды. Анын айтымында, 17-мартта саат 17:30 чамасында таякеси Баймат экөө Д. аттуу байкесинин үйүнө бастырманын темирлерин ченегени барышкан. Эшикти анын жубайы Гүлүмкан ачкан. Уланбек таякеси экөө аны «бастырма жасаганы келдик. Ченегич алып келип бер» деп жумшаган. Жабырлануучу Гүлүмкан сарайга киргенде Уларбек анын артынан барып, сарайдын ичинде турган столго отургузуп зордуктаган. Андан кийин таякеси Баймат кирип зордуктаган.
Баймат да жээни Уланбектин көрсөтмөсүндөгү сөздөрдү тастыктаган.
Жабырлануучу азыркы учурда айыпкерлерге доосу жок экенин билдирип, соттон аларды бошотууну суранды.
Ал эми Гүлүмкандын жолдошунун айтымында, жумушта иштеп жүргөндө жубайы телефон чалып, аны зордуктап кеткенин айткан. Андан кийин экөө жолуккан. Ошондо жубайы калтырап, шок абалда болгон. Ошол окуядан кийин экөө ажырашкан.
Жыйынтыгында Уланбек Жазык кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Баймат Жазык кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 8-майындагы «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, айыпкерлер Баймат менен Уланбектин жаза өтөө мөөнөтүнүн 1/3 бөлүгү кыскартылды.
Уланбек менен Байматтын жаза өтөө мөөнөтү 2020-жылдын 20-мартынан баштап эсептелди. Жазык кодексинин 81-беренесинин 5-бөлүгүнүн негизинде Уланбек менен Байматтын камакка алынган күндөн баштап өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөтүнүн камактагы бир күнү эркиндигинен ажыратылган бир күнгө барабар деп эсептелет.
Алардын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз камактагы бойдон калтырылды.
Булак: NazarNews.kg