www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалы менен кырчаңгылардай болушуп, Райым Матраимовду каралагандардын тобу «ойгоно» калмай жайы бар. Реалдуу сын пикир эмес, тек гана тийишмей, көбүртүп-жабыртуу менен «жомок» айтмай. «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» дегендей, андай пенделерге эл деле ишенбей калган. Ал эми чыныгы жашоодо биздин каарман калкка кызмат кылуу үчүн берилгендиги, марттыгы, канчалык көп иш бүтүрсө да мактанбагандыгы менен айырмаланат.
Март айында карантин башталганда Райым Матраимов биринчилерден болуп, Кыргызстандын баардык аймактарына гуманитардык жардамдарды тонналап тарата баштаган. Ошого катар керектүү медициналык аппараттарды да элибизге тартуулаган эле. Кыйналган жүз миңдеген мекендештерибиздин ажаатын ачылганы, оор сыноодон кыйналбай чыгып кетишкени маалым. Эгерде мындай колу ачыктык болбогондо, эл ичинде катуу чыңалуулар жаралып кетет беле? (Дал ушул саамалыктан башка саясый күчтөр, ишкерлер да үлгү алышып, жардамдарын көрсөгүшкөнүн да эске салалы).
Ал эми жакында апаат кайрадан күч алып, ооруканаларга коронавирустан жабыркагандар батпай, аянычтуу көрүнүштөр орун ала баштады. Мамлекеттик органдар алапайын таппай калышты. Адамдардын көчөдө кулаганын көрдүк. Дал ушул кырдаалды көпкө создуктурбай, Райым Матраимов тездик менен катар-катар ооруканаларды ачып, дары-дармектеринен бери белендеп, медициналык аппараттарды да жетиштү деңгээлде камсыздаганга үлгүрдү.
Кыйын кырдаалда эли үчүн аянбай, мекенчилдигин дагы көрсөттү эй! (Мындай иштерден соң башка байлар, бизнесмендер акылдарына келишип, кол кабыш кылууга өтүштү). Аныгында, Райым Матраимов жарым жыл ичинде эки оор шартта билегин түрүп, патриоттуулугун көрсөтүп, биринчилерден болуп карапайым калкка кол сунганына не дейли? Бали! Чыныгы элдик инсан экени кашкайып көрүнүп турбайбы! Кызыгы, опол тоодой жардам кылып атканын Райым мырза милдет кылган жок, унчукпай эле эмгектенүүдө. Ошол иштерди уюштуруучулары, көргөн-билгендер ыраазычылык иретинде айтышууда. Ал эми айрым байлар болор-болбос жардамдарын жарнамалап бүтпөй жатышканына таңкаласың...
Убакыт учкан куш тура. Райым Матраимов бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан кеткенине үч жылга таяп калды. Бийлик бутагында болбой туруп деле элге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келатат. Эгерде ал келечекте депутат болуп калса, шайлоочуларынын астында бүгүнкүдөн да жоопкерчилиги жогорулайт беле? Ооба, милдетинда алмак. Жакшылык эч убакта жерде калбайт. Райым Матраимовдун биз билген-билбеген кайрымдуулук, соопчулук иштери өтө арбын. Жараткандын астындагы вазыйпасын жасап келүүдө. Акыры элибиз да баа берип, ак батасын ыроолой турган күндү насип этсин...
Акын БЕКЧОРОЕВ
Булак: АЗИЯnews