www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйлүк 4 өспүрүм таксистти алдап Баткенге качып кетишкен

Чүйдө дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүмдөр Баткен облусунан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү Аламүдүн РИИБине 37 жаштагы А.К. жана 35 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандар кайрылышкан. Алардын кайрылуусунда 16 жаштагы кызы 10-март күнү үйдөн чыккан боюнча кайра кайтып келген эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу изделип жаткан кыз Баткен облусуна кеткени боюнча кабардар болушкан.

«Баткен облусунан дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдөр табылып, Бишкек шаарына 15-март күнү алып келинип, ата-энелерине өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүштө 3 өспүрүм кыз алдын ала сүйлөшүп алып, 17 жаштагы бала менен Баткен облусуна качып кетишкен. Алардын акчалары жок болгондуктан, таксистке Баткенге жеткенде ата-энелери тосуп аларын айтып, алдашкан. Бирок алар автобекетке жеткенде качып кетишкен. Кийин аларды милиция кызматкерлери кармаган», — деп жазылат билдирүүдө.Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости