www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия чек арасын 1-майга чейин убактылуу жапты

Россия чет элдиктер үчүн чек арасын 18-марттан 1-майга чейин убактылуу жабат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Россия өкмөтү чет элдик жарандардын өз аймагына 18-марттан 1-майга чейин киришине убактылуу чектөө боюнча чечим кабыл алды. Муну менен мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, элдин ден соолугун сактоо жана коронавирусту таратпоо максатында кабыл алынган.

Бул маселе боюнча өкмөттүн төрагасы Михаил Мишустин коронавирус маселесин КМШга мүчө өлкөлөрдүн премьерлери, анын ичинен кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен талкуулаган.

Убактылуу бул чектөө товар ташыган ири автоунаалардын айдоочуларына, дипломаттарга жана РФте дайыма жашаган адамдарга тиешелүү эместиги айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости