www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйлүк кадрлар кызматка тартылууда...

Күзгө карай Атамбаевдин биликке каршы чабуул коёрунан чочулаган борбордук бийлик алдыртан кырдаалга байкоо салып, Чүйдөн чыккан кадрларга артыкчылык берүү менен кызматка тартууну улантылууда. ИИМ, УКМК, коргоо министрлигин, коопсуздук кеңеши баштаган күч органдарындагы өңчөй чүйлүк кадрларды зеке албаганда да бийликтеги чоң-кичине «майталкан» кызматтарга Атамбаевдин оппозициядагы оор күндөрүндө арка-бел болуп, кийин бийликке жеткенде жээкке сүрүлүп калышкан сары өзөндүк кадрларды тартышууда. Мындай тизменин сап башын Ысык-Ата районунун мурдагы акимдин орун басары, спортсмен Эстебес Калиев ээледи. Эстекең соңку эки жумадан бери «Мегаком» компаниясынын төрагасынын еңешчилигин аркалоодо. Калиевдин артынан бийликке кызматка тартылчуардын кийинки сабында Атамбаевдин 2007-жылдагы (өкмөт башчы кезинде) экс-кеңешчиси Турдубек Молдобеков («Нур» партиясынын лидери) турары саңкууланды. Андан соң мындай тизмени Сагынбек Абдрахманов баштаган Атамбаев бийликте турганда четке сүрүлүп калган чүйлүк кадрлар толукташаары боюнча кеп кетти.

Булардын үстүнөн «кураторлукту» президенттин Чүйдөн чыккан кеңешчиси Айбек Азыранкулов аркалаары боюнча да маалыматтардан сабардар болдук. Эстекең ажонун кеңешчиси Айбек мырзага ат тезегин кургатпай каттап жатканына караганда, эски партиялаштарынын бир далайын кызматка тартып, алардын Атамбаев бийлигинен акталбаган мээнеттерин Соке досунун учурунда актатабы? Эми Эстекеңдин колунан келип турса, дүкүлдөгөн тейде жалаң эле чүйлүктөргө басым жасабай, колунан иш келчү жигиттерди колдоп турса жаманбы? Кайран киши алдындагы кызматтык «Джипке» түшсө эсире көөп, өзгөрүп кетпесе болду го…

Булак: «Азия ньюс»

Последние новости