www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-июлда Швейцария соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримованын доо арызын четке какты. Бул Каримовага таандык делген 800 миллион франкты Ташкентке кайтаруу жараянындагы маанилүү чечим катары бааланууда.

Каримова адвокаты Грегуара Манжа аркылуу федералдык сотко жөнөткөн доо арызында Швейцариянын прокуратурасы тарабынан 800 миллион франктын (учурда 701 АКШ доллары) 700 миллионунун конфискацияланышына каршылык билдирген.

Швейцария прокуратурасынын 22-майда чыккан эки ордеринде Каримовага таандык делген 800 миллион франкты конфискациялоо жана 686,7 миллионун Өзбекстанга кайтаруу жөнүндө айтылат.

Ордер чыгарууга Гүлнара Кармованын мурдагы ишенимдүү өкүлдөрү Гаян Авакян менен Рустам Мадумаровдун көрсөтмөлөрү себеп болгон. Алар тоңдурулган акчалар кылмыштуу жол менен табылганын мойнуна алышкан.

Адвокат Грегуар Манжанын доо арызында Швейцария прокуратурасынын ордерлери айыпталуучунун укуктарын бузуп, адилеттүү соттук териштирүүлөргө тоскоол болору белгиленген. Ал мындан тышкары өзбек түрмөлөрүндө отурган Гая Авакян менен Рустам Мадумаровдун көрсөтмөлөрү тоңдурулган акчаларды Өзбекстанга кайтарууга жетиштүү негиз боло албастыгын айткан.

2017-жылы 28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова 2015-жылдын август айынан бери камакта экенин, облустук сот тарабынан беш жылга эркинен ажыратылганын маалымдаган.

Ага "кылмыштуу топ аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, мыйзамсыз жолдор менен миллиарддаган суммадагы акча жыйнаган" деген айыптар тагылган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости