www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 16-августта Ош облусуна иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы жогорку окуу жайдын профессорлорун, окутуучуларын жана студенттерин куттуктап, Ош мамлекеттик университети улуттук билим берүү системасындагы флагманга айланганын белгиледи.

»Сиздердин университет облустук борбордо жайгашканы менен азыркы күндө өлкөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайы экендиги талашсыз, ал эми Ош шаары билимдин Ордосуна айланып баратат. Бул сиздин жамааттын талыкпаган эмгегинин жана туура менеджментинин натыйжасы», — деди Президент, ошондой эле дүйнөлүк рейтингде эң жогорку деңгээлде турган  атактуу Массачусетс, Стенфорд, Гарвард, Кембридж, Оксфорд университеттери борбор шаарлардан алыс жайгашкандыгын мисал катары келтирди.

»Көпчүлүк жогорку окуу жайлар билим берүүнү пайда табуу булагына айлантып, эмгек рыногунун талаптарын унутуп калганда, ОшМУ руханий жан-дүйнөбүздү байыткан өнөр кесибине чоң маани берип, өнөр факультетинин жаңы имаратын курду. Бул жагынан ОшМУ башка жогорку окуу жайларына үлгү,  анткени эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди даярдай алат. Эмгек рыногунун талаптарына ийкемдүү жооп кылып, өлкөбүз  муктаж болуп жаткан адистерди даярдагыдай  билим берүү системасын киргизиш керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктаган Эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Ош университети Кыргызстанда биринчи жолу эң мыкты жогорку окуу жайы деп табылышы менен куттуктады

»Бул абдан кубанычтуу жаңылык, сиздерди ушул ийгилигиңер менен куттуктайм», -деди Президент.

Президент университет билим берүүнүн дүйнөлүк интеграциясына батыл киришип жаткандыгын канааттануу менен белгиледи. Акыркы үч жылдын аралыгында университет өз күчү менен 7 млн. доллар инвестиция тартып, материалдык-техникалык базасын чыңдаган.

Ошону менен катар 12 жаңы окуу корпусунун имаратын ички каражаттардын эсебинен кургандыгы өлкөдөгү башка жогорку жайларына үлгү болорлук иш болду.

Өлкөнү өнүктүрүү тууралуу сөз кылып келип, Президент Сооронбай Жээнбеков жакында эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлгөнүн, анда Кыргызстанды узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынганын белгиледи. Бул маанилүү мамлекеттик документте билим чөйрөсүнө өзгөчө көӊүл бурулду.

»Адам потенциалын өстүрүү, сапаттуу билим берүү жана ден-соолукту чыӊдоо — мамлекеттик саясаттагы эӊ жогорку артыкчылык катары аныкталды. Бул чөйрөлөр реформаларга муктаж. Реформаны билим сапатын көтөрүүдөн баштоо зарыл. Экономиканы өнүктүрүү биринчи кезекте билимдин сапатына, билимдүү адистерге байланыштуу болот. Сапаттуу  заманбап билим берүү — өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн  гаранты, -деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Салтанаттуу аземде жогорку окуу жайынын жетекчилигине музыкалык инструмент алуу үчүн 200 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков университеттин жаңы корпусун кыдырып көрүп, билим берүү министри Гулмира Кудайбердиева менен ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун  маалыматтарын укту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости