www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-19-августтарда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" чукул билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу жаашы мүмкүн.
17-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.
17-августта Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20, күндүзгү жогорку температурасы 32…34 градус болот.
Булак: NazarNews.kg