www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу “Т.Медиа” өкүлчүлүктүн басма сөз кызматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган өкүлдү расмий таааныштыруу иш-чарасы эртең өтөт.
63 жаштагы Байыш Юсупов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген.
Иш тажрыйбасы:
1979-1988 —жылдары Октябрдын 50 жылдыгы атындагы Ош текстиль комбинатында чебер, улук чебер, цехтин жетекчиси жана өндүрүштүн начальниги кызматтарында иштеген;
1988-1989 — жылдары Ош облустук элдик көзөмөл комитетинде инспектор;
1989-1993 — жылдары Кара-Суу пахта тазалоочу заводунун директору;
1993-2009 — Кара-Суудагы «Ак-Алтын» ишканасынын жетекчиси;
2009-2012 — Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы;
1990-2013 — Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, андан кийин төрагасы;
2013 — жылдан тарта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары.
Футбол боюнча спорттун чебери. Кыргызстандын чемпиону "Жаштык — Ак-Алтын" футболдук командасынын негиздөөчүсү.
Ал эми мурдагы жетекчи Узарбек Жылкыбаев 8-августта өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.
Булак: NazarNews.kg